Катар фонду тарабынан Баткенде оорукана жана Кызыл Жарым Ай коомунун жардамы менен Лейлек районунда бардык талаптарга жооп берген моргдор курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрлик калкка медициналык кызмат берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, 2023-жылы жалпы республика боюнча 20 заманбап медицина мекемелерин куруу боюнча жумуштар жүрүп жатканын кабарлады.
Ошондой эле саламаттык сактоо мекемелери тез жардам автоунаалары менен камсыздалат. 2022-жылдын аягына чейин 97 автоунаа келиши күтүлүүдө, алардын 33 Баткен облусуна бөлүнөт.
«Мындан тышкары Баткен облусунун Лейлек районунда 230 керебетке ылайыкталган оорукана курулат. Оорукананын курулушу Катар фонду тарабынан каржыланат. Кызыл Жарым Ай коомунун жардамы менен Баткен шаары жана Лейлек районунда бардык талаптарга жооп берген моргдор курулат», — деп айтылат маалыматта.