Банктардын кредиттик портфелинде жыл башынан бери доллардын көлөмү 12%га кыскарды

Банктардын кредиттик портфелинде жыл башынан бери доллардын көлөмү 12%га кыскарды

Банктардын кредиттик портфели 2022-жылдын сентябрь айынын аягында 194 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүүсү 7%ды түзгөн жана экономикада дедолларизация уланууда.

«Банктардын кредиттик портфели сентябрдын аягында 194 млрд сомду түздү, жылдын башына салыштырмалуу 6.8%га көбөйдү. Анын ичинде кредиттик-портфелде сомдун сомдун көлөмү 149.8 млрд сомду, жылдын башына караганда 14.4%га жогорулады. Ал эми доллардын көлөмү 12.5%га кыскарды, дедолларизация экономикада уланып жатат», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал экономикада акча жүгүртүүнүн көлөмү ИДПга карата 47%ды түзгөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана «КРнын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору каралган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери