Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев тармактык комитеттин жыйынында 2023-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 93 млрд 229 млн сом суммасында түзүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле ал 2024-2025-жылдарга 98 млрд 453 млн сом жана 104 млрд 107 млн сом караларын айтты.
«2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 51 млрд 485 млн сом суммасында пландалды. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 41 млрд 356 млн сом суммасында каралган.
2023-жылга Социалдык фонддун чыгашалары 87 млрд 507 млн сом, 2024-2025-жылдарга 92 млрд 629 млн сом жана 99 млрд 177 млн сом суммасында пландалууда», — деди Алиев.
Талкуу маалында депутаттар республикада пенсиялык системаны реформалоо зарылдыгын белгилешти.
Алсак, депутат Нурлан Ражабалиев бийик тоолуу, алыскы аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин кайра карап чыгуу керектиги тууралуу сөз кылып, аны эске алуу менен пенсиянын өлчөмүн көтөрүүнү сунуштады.
Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «КРнын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «КРнын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024–2025-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.