Жыл сайын темир сатып алууга миллиондогон доллар кетет — президент Кыргызстанда заводдорду курууга чакырды

Жыл сайын темир сатып алууга миллиондогон доллар кетет — президент Кыргызстанда заводдорду курууга чакырды

Президент Садыр Жапаров өкмөт Кыргызстанда руданы казуудан баштап, металл буюмдарын чыгарууга чейин толук кандуу металлургиялык өндүрүш чынжырын түзүүгө ниеттенип жатканын айтты.

Жапаров бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан биринчи элдик курултайда билдирди. Президенттин айтымында, келечекте өкмөт сырттан металл сатып албастан, өзүнүн темир кендерин пайдаланып, темир рудасын кайра иштеткен жана темир буюмдарды чыгарган заманбап заводдорду курууну көздөп жатат.

«Миллиондогон акчабыз жыл сайын темир сатып алуу үчүн эле өлкөдөн чыгып кетет. Бул каражатка темир рудасын кайра иштетүүчү заманбап завод кура алсак, анда өлкөбүздөн ири каражаттардын агып кетүүсүн токтотуп эле тим болбостон, экспортко чыгарып, мамлекеттин казынасына киреше алып келебиз», — деди Жапаров.

Курула турган металлургиялык заводдордун продукциясын экспортко гана чыгарбай, ошондой эле өлкөнүн ичинде — темир жолдорду, гидроэлектростанцияларды курууда жана башка курулуштар үчүн пайдалануу сунуш кылынууда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери