Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды

Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды

«Мен өлкөгө жетекчи болуп келгенден бери коррупция менен күрөшүүнү башкы милдет кылгам, бирок коррупциянын тамыры кеңири жайылып, коомду бул илдеттен толук арылтуу азырынча мүмкүн болбой жатканын моюнга алышыбыз керек». Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда, өтүп жаткан биринчи элдик курултайда президент Садыр Жапаров билдирди.

«Коррупция азайбай жатат. Бул илдет эки баштуу ажыдаарга айланды: бир башын кесип салсак, экинчиси дароо өсүп чыгып жатат», — деп наалыды президент.

Жапаров коррупция менен күрөш уланып жатканын, жеңилип берүү болбойт экенин айтты.

«Эгерде элибиз ал менин тууганым же жердешим деп коррупционерлерди коргой берсе, анда бул оорудан эч качан арыла албайбыз. Баарыбыз, ар бирибиз мамлекеттин, элдин мүлкүн уурдаган коррупционерлерди колдобой, «Коррупционерсиңби? Анда мыйзам алдында жооп бересиң», — деп сынга алсак, ошондо гана коррупцияны чогуу жеңебиз», — деп ал сөзүн улантты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери