Жакында Кыргызстандан Сауд Арабиясына түз аба каттамдары ачылат

Жакында Кыргызстандан Сауд Арабиясына түз аба каттамдары ачылат

Эр-Риядда кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык кызматташуу комитетинин үч күндүк жыйыны аяктады. Эки тарап өз ара соода, инвестиция, туризм жана башка тармактарды өнүктүрүүнү макулдашты.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышты, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. Иш-чаранын жыйынтыгында ал башка жаңылыктар менен катар эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдары ачыларын билдирди.

Ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ири сауд компанияларынын Кыргызстанга иш сапары, Сауд Арабиясында Кыргызстан Соода үйүнүн ачылышы жана эки өлкөнүн продукцияларынын халал сертификаттарын өз ара кабыл алуу боюнча иш алып баруу сыяктуу башка макулдашуулар да түзүлдү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери