Сурабалдиева Кемпир-Абадды берүүгө каршы добуш берген 18 депутатка кысым көрсөтүлгөнүн жана коркутуу болгонун айтты

Сурабалдиева Кемпир-Абадды берүүгө каршы добуш берген 18 депутатка кысым көрсөтүлгөнүн жана коркутуу болгонун айтты

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы добуш берген депутаттарга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кысым көрсөтүп, коркутуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Ал каршы чыккан 18 депутаттын укугун коргобой жаткан спикер Нурланбек Шакиевдин ишине нааразычылыгын айтты.

«Айтмакчы, кечээ менин туулган күнүм болчу. Рахмат, Камчыбек Кыдыршаевич, мага жасаган белегиңизди эч качан унутпайм. Жакындарымды коркутуп-үркүткөн УКМК кызматкерлерин да унутпайм. Парламентке келгенде мени ушинтип коркутушат деп эч качан ойлогон эмесмин», — деди депутат.

Ал ошондой эле башка депутаттар менен сүйлөшкөнүн, алардын да туугандарын, жакындарын жумуштан кетирүүгө аракеттер жасалып жаткандыгын белгиледи.

«Быйыл жайында эки ай бою коркутуп, ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүштү, кысымга алышты. Анан президенттин, Акылбек Жапаровдун кабинетине кирдим. Анан эмне болду дебейсиздерби? «Сурабалдиева Чүй облусунун элин митингге чыгарып, төңкөрүш даярдап жатат» деген сөздөр чыкты. Аудио жазуулары бар экенин айтышты.

Мына ошол аудиожазууларды көрсөткүлө деп, Акылбек Жапаровдун кабинетине кирдим. Жыйынтыгында кол саат менен грамоталарды тапшырышты. Эки ай өтпөй эми УКМКнын кызматкерлери туугандарыма келип, бизнесин тартып алабыз деп коркутуп жатышат», — деди Сурабалдиева.

Эске салсак, Кемпир-Абаддын өтүшүнө төмөндөгүлөр каршы добуш беришкен:

  1. Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»)
  2. Азамат Исираилов («Альянс»)
  3. Дастан Бекешев — бир мандаттуу округдан депутат
  4. Жанар Акаев («Альянс»)
  5. Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»)
  6. Мирлан Самыйкожо («Элдик»)
  7. Нилуфар Алимжанова («Альянс»)
  8. Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»)
  9. Өмүрбек Бакиров («Элдик»)
  10. Сеидбек Атамбаев — бир мандаттуу округдан депутат
  11. Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»)
  12. Тазабек Икрамов («Элдик»)
  13. Талант Мамытов («Ынтымак»)
  14. Чыңгыз Айдарбеков («Альянс»)
  15. Эльвира Сурабалдиева — бир мандаттуу округдан депутат
  16. Эмил Жамгырчиев («Альянс»)
  17. Эмил Токтошев — («Бүтүн Кыргызстан»)
  18. Эрулан Көкүлов («Ынтымак»)

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери