Өлкөбүздө 2 миллиондон ашык адам күнүнө 125 сомго жашайт — эксперт

Өлкөбүздө 2 миллиондон ашык адам күнүнө 125 сомго жашайт — эксперт

Кыргызстанда 2 млн 200 миң адам күнүнө 125 сомго оокат кылат. Бул тууралуу «Глобалдык өзгөрүүлөр мезгилинде Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу» деген темада өткөн тегерек столдо эксперт Канат Тилекеев билдирди.

Ал азык-түлүктүн баасы 46%га кымбаттап, бул калктын азык-түлүк корзинасына таасирин тийгизип жатканын белгилеп айтты. Жакырчылыктын деңгээли 33%га өстү. Шаардагы жакырчылык айыл жергесиндеги жакырчылык менен тең болуп калды.

«Калктын дээрлик 6%ы ачарчылыкка жакын абалда жашап жатат. Жогоруда айтылгандардын негизинде азык-түлүк коопсуздугу мамлекеттин эң приоритеттүү маселесине айланышы керек», — деп ал сөзүн жыйынтыктады.

Эксперттер азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык мамлекеттик органдары комплекстүү чара көрүшүн сунушташты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери