Келерки жылы мамлекеттик кызматтардын жалпы бюджеттик чыгашалары 111.2 млрд сомдон ашат. Быйылкы жылга салыштырмалуу чыгымдар 40.1 млрд сомго көбөйөт. Бул тууралуу 2023-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда жазылган.
Алсак, бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгашалар 39.5 млрд сомго көбөйүп, жалпысынан 109.3 млрд сомду түзөт. Калган каражат атайын эсептен — 1.8 млрд сом (650 млн сомго көбөйөт) бөлүнөт. Мамлекеттик кызматкерлерге кеткен чыгашалар 2023-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы чыгашасынын 29.1%ын жана ИДПнын 12%ын түзөт.
Көбөйгөн чыгымдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга, Социалдык фондду, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун каржылоого, трансферттерди теңдештирүүгө, мамлекеттик карызды тейлөөгө каралган.