Депутат өз үй-бүлөсүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүн да текшерүүнү сунуштады

Депутат өз үй-бүлөсүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүн да текшерүүнү сунуштады

Бүгүн, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн үй-бүлөсүн жана Ташиевдердин үй-бүлөсүн текшерип, салыштырып көрүүнү сунуштады.

Буга чейин ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кысым жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп, туугандарынын бизнесин тартып алабыз деп коркутканын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Кудайберген» базарына ээлик кылган Сурабалдиеванын үй-бүлөсү мамлекетке 70 млн сом карыз экенин айтты. Ал ошондой эле башка депутаттарга да карата келип түшкөн арыздардын негизинде оор кылмыш иштерин козгойбуз деп коркутту.

Сурабалдиева Салык кызматы «Кудайбергенди» эки айдан ашык убакыт текшергенин, 2 млн сомдук салык төлөнгөндүгүн жана андан бери бир ай өтө электигин айтты. Анын сөзүн ведомствонун башчысы Алтынбек Абдувапов тастыктады. Депутат бул Салык кызматынын катасыбы деп сурады — анын айтымында буга чейин эч кандай 70 млн сом тууралуу сөз болгон эмес.

«Акылбек Үсөнбекович, ал сиздин орун басарыңыз эмеспи. Анын эл алдында айткан сөздөрүнөн кийин Сурабалдиевдердин үй-бүлөсүнүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн да капиталынын келип чыгышы боюнча текшерүү уюштурууга даярсызбы? Жогорку Кеңештин бардык депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү катышсын. Мен мындай кадамга барууга даярмын. Ошондо бул өлкөдө ким салык төлөп, ким кантип байыганын көрөбүз», — деди Сурабалдиева.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери