Болот Темировду «Манас» аэропортунун милиция бөлүмүнөн жарандык кийимчен 10 чакты адам алып чыгышкан. Бул тууралуу «Клооп» билдирди.
Буга чейин укук коргоо кызматкерлери Темировдун жактоочуларына анын жок экенин билдиришкен. Ошондой эле Темировдун адвокаты аны таппай жатканын айткан эле.
«Темировду азыр Москвага жакынкы рейс менен депортациялаш үчүн бажы көзөмөлүнө алып баратышы мүмкүн», — дейт аталган портал.
Эске салсак, бүгүн Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировго карата райондук соттун чечимине ылайык, прокуратуранын арызын карады. Сот журналистти Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Чечим жарыялангандан кийин Темиров күч менен сот залынан чыгарылган. Адвокаттарга журналистти кайсы жака алпарары тууралуу маалымат беришкен эмес.
Темиров буга чейин бийлик өкүлдөрүнүн бизнестерин, саясатын иликтеген материалдарын чыгарып келген.