Сауд Арабиясынын ири бизнеси Кыргызстанга инвестиция салардан мурда жагдайды изилдеп көрүү үчүн келет

Сауд Арабиясынын ири бизнеси Кыргызстанга инвестиция салардан мурда жагдайды изилдеп көрүү үчүн келет

Кыргызстандын делегациясы Эр-Риядда 10дон ашык инвестициялык долбоорлорду сунуштап, Сауд Арабиясынын ири компанияларынын өкүлдөрүнүн жооп иретинде Бишкекке конокко келиши макулдашылды. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, 22-ноябрда Эр-Рияд шаарында КР Инвестициялар боюнча агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов Сауд Арабиясынын инвестиция министринин орун басары Аль-Бадр менен жолугушту.

Баясов Сауд Арабиясы тарапка Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн эрежелери, жеңилдиктер жана преференциялар, КР экономикасынын приоритеттүү багыттары тууралуу айтып берди, ошондой эле 10дон ашык инвестициялык долбоорлорду кароого сунуштады.

Эки тарап Сауд Аравиянын делегациясынын Кыргызстанга жооп иретинде келүүсү боюнча макулдашты. Сапардын максаты инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө жана бизнес түзүмдөрү менен түрдүү тармактарда, анын ичинде тоо-кен казып алуу, инфраструктура, энергетика жана кайра жаралуучу энергия, туризм жана саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана IT сектору менен кызматташууну орнотуу болот.

Атап айтканда, Сауд Арабиясынан ACWA PowerFlynasAlhokair GroupInter HealthFAS EnergySeera Group жана Ajlan & Bros Group сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү Бишкекке келет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн күтүү убактысы кыскарганын билдирди 3 февраля 2023 г.    16:35
Япониянын Muroo Systems Corporation компаниясы Каракөл ГЭСин өз каражатына курууга кызыкдар 3 февраля 2023 г.    16:00
Бишкекте криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 10 млн долларды түзөт — Акылбек Жапаров 3 февраля 2023 г.    15:46
Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасы жөнөкөйлөтүлдү 3 февраля 2023 г.    14:19
Бишкекте суу менен канализацияга тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн 3 февраля 2023 г.    14:12
«Манас» аэропортун модернизациялоону эмнеге күмөндүү араб инвесторуна берүүнү көздөшүүдө? 3 февраля 2023 г.    12:28
Транспорт министрлигинин жеке ишкерлерге карызы 702 млн сомго жетти 3 февраля 2023 г.    11:25
МИК 85 млн сомдук сегиз батирди аукционго коет 3 февраля 2023 г.    10:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери