Мамлекет «Текстиль Транс» ЖЧК жана «Шумкар» ТУК ААК ишканаларынын кредит алуусуна кепилчи болуп берет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Каржы-кредиттик фондунун отчетунда айтылат.
Компанияларга кепилдик ушул жылдын 9-сентябрында министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган ата мекендик субъекттерге кепилдик берүүнүн бекитилген тартибинин алкагында берилет.
Каржы-кредиттик фонддон билдиришкендей, учурда бул жаатта «Текстиль Транс» ЖЧКсы жана «Шумкар» ТУК ААК менен иштер жүргүзүлүп жатат.
Ушул жылдын сентябрь айында «Текстиль Транс», «Айыл Банк» жана фонддун ортосунда үч тараптуу кепилдик келишимине кол коюлган.
Учурда «Шумкар» ТУК ААК жана John Deere Financial компаниялары менен кепилдик келишимине кол коюу багытында иштер жүрүп жатат.