Элдик курултайды өткөрүүгө канча чыгым кетерин бийлик ачык айтпады

Элдик курултайды өткөрүүгө канча чыгым кетерин бийлик ачык айтпады

Бишкекте 25-26-ноябрга белгиленген элдик курултай Садыр Жапаровдун президенттик мезгилинде биринчи жолу өтөт. Ал боюнча мыйзам кабыл алына элек, бюджетте каражат каралган эмес, бирок уюштуруучулар курултайды өткөрүүгө каражат табышты, деп билдирет Kaktus.media.

Садыр Жапаров чакырган алгачкы элдик курултай 25-26-ноябрда өтөт. Бишкектин филармониясында Кыргызстандын бардык аймактарынан 1 миңден ашуун делегат чогулат. Алдын ала программага ылайык, мамлекеттин биринчи адамдары чыгып сүйлөгөндөн кийин күн тартиби боюнча талкуулар уланат.

«Кыязы, көтөрүлгөн маселелер окшош болот. Бул жер, суу бөлүштүрүү, жол жана социалдык объектилерди куруу маселелери. Ошондуктан, суроолор улам кайталанбашы үчүн кантип баарын иреттөөнү ойлонуштуруп жатабыз», — деп белгиледи уюштуруу комитети.

Курултайга Садыр Жапаров эки күн бою катышат. Кыргызстандыктар курултайды түз эфирде көрө алышат. Эгерде аба ырайы ачык болсо, көчөлөрдөгү LED-экрандардан да көрсөтүү пландалууда.

Басылманын айтуусунда, курултайга 1074 делегаттын 800ү алыскы аймактардан келет. Алар үчүн Бишкектеги 14 мейманканадан бөлмөлөр алынып, атайын автобустар бөлүнөт.

Уюштуруучулар Элдик курултайды өткөрүүгө кеткен чыгым боюнча да, конкреттүү каржы булактары боюнча да ачык айткан жок. Болгону, ал акча КР бюджетинен алынбаганы белгилүү болду.

«Бюджет курултайды өткөрүү чечими чыга электе бекитилгендиктен, иш-чара бюджеттен тышкаркы каражатка өткөрүлөт. Кыргызстан алган гранттардын эсебинен. Биздин мамлекет ар түрдүү гранттарды алат эмеспи. Бирок кандай болгон күндө да, Элдик курултайды өткөрүүгө Жогорку Кеңештин бир депутатына ушунча жыл бою кетирген акчадан көп кетпейт», — деп уюштуруу комитети белгилеп айтты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстанда өткөн жылы кайсы банк эң көп киреше тапты? — Рейтинг 30 января 2023 г.    11:25
Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек 30 января 2023 г.    10:10
Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду 30 января 2023 г.    9:51
Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат 30 января 2023 г.    9:35
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери