50 миң доллар инвестиция алуучу акселерациянын жеңүүчүлөрү жарыяланды

50 миң доллар инвестиция алуучу акселерациянын жеңүүчүлөрү жарыяланды

Туруктуу кышкы туризм (WTK) долбоорунун катышуучулары: «Этномир» сувенир дүкөнү, «Дасторкон» кафеси, «А4» муз тебүүчү аянтчасы жана «Жаркыра» тазалоо кызматы 50 миң долларга чейинки инвестицияга сунушталды. Бул тууралуу Accelerate Prosperity демилгесинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстанда кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоору (WTK) Accelerate Prosperity менен биргеликте туризм бизнеси боюнча акселерациялык конкурс өткөрүп, инвестиция ала турган жеңүүчүлөрдү аныктады. Бул акселерация программасы Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, 8 жумага созулду.

Алгач бир ай бою Каракол шаарындагы кышкы жана жыл бою туристтик бизнестин өкүлдөрүнүн арасында акселерацияга катышуу үчүн тандоо өткөрүлдү. Тандалган катышуучуларды жеке бизнес-насаатчылар коштоп, дагы бир ай окутушту.

Акырында катышуучулар инвестициялык комитетке өздөрүнүн бизнес-пландарын сунуштап, тийиштүү экспертизадан өткөндөн кийин эң перспективдүү долбоорлор 50 миң долларга чейинки инвестицияга сунушталды. Жеңүүчүлөр болуп «Этномир» сувенир дүкөнү, «Дасторкон» кафеси, «А4» муз тебүүчү аянтчасы жана «Жаркыра» тазалоо кызматы тандалды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери