Ысык-Көлдө 20 млн долларлык эл аралык спорт комплекси курулат

Ысык-Көлдө 20 млн долларлык эл аралык спорт комплекси курулат

Минкаб Ысык-Көл облусунда эл аралык спорт комплексин куруу боюнча чечим кабыл алды. Анда спорттун 30 түрү боюнча спортчулар машыгышат.

Спорт комплексин куруу үчүн өкмөт Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылынан 72.2 гектар жерди Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна өткөрүп берди.

«Аталган участок ондогон жылдар бою начар колдонулуп, кароосуз калган жана тез арада жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылат», — деп минкаб жыйынында айтылды.

Долбоорго жараша жыл бою иштей турган спорт комплекси курулмакчы, анда улуттук курама командалардын мүчөлөрү жана спорттун 30 түрү боюнча башка спортчулар машыгып, ошондой эле ден соолугун калыбына келтиришет.

Участкадагы иштер 2023-жылдын жазында башталат. Долбоордун алдын ала баасы 20 млн долларды түзүп, каражат КР Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнөт. Фонд ошондой эле сырттан да каражат тартууну көздөп жатат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери