Кыргызстандын тигүүчү фабрикалары россиялык ишканалар менен 10 млрд рублга келишимдерди түзүштү

Кыргызстандын тигүүчү фабрикалары россиялык ишканалар менен 10 млрд рублга келишимдерди түзүштү

Caravan Expo 2022 аталган Россиядагы кыргыз товарларынын жана кызматтарынын биринчи көргөзмөсүнүн жыйынтыгында КР жана РФ ишкерлеринин ортосунда 10 млрд рублга келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу катышуучулардын өз ара кызматташуусу боюнча меморандумдарга кол коюу аземинде көргөзмөнүн уюштуруучусу Темирлан Жуманазаров билдирди.

Көргөзмө учурунда негизинен жеңил өнөр жай тармагына басым жасалды.

Уюштуруучулар Кыргызстандын бүтүндөй экономикасын жаңы деңгээлге чыгарууга ниеттенишкенин, көргөзмөгө келгендердин жана экспоненттердин саны мындан да көп болушуна ишенишкенин Жуманазаров белгилеп айтты.

«Жалпысынан айтканда жыйынтыктар канааттандырарлык болду. «Ламода», Most сыяктуу ири дүкөндөр тармактары жана маркетплейстер менен келишимдер түзүлдү. […] Биз башында келишимдердин жалпы суммасы 1 млрд сомго жетет деп айтканыбыз менен, андан алда канча көбүрөөк болот деп күткөнбүз. Экспонаттардын да, келишимдердин да суммасы 10 млрд рублдан да көп болмок», — деди ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери