Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке кирди

Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке кирди

Былтыр минкаб тарабынан бекитилген 2026-жылга чейин аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасы ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда, Экономика министрлигинин ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Муса Катаганов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул программанын алкагында бир катар министрликтер жана мамлекеттик органдар үчүн аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча беш иш-чара белгиленген.

«Экономика министрлиги аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи, анда «аялдар ишкердиги» деген түшүнүктүн өзү аныкталып берилген. Мындан тышкары, аялдарга каржылоого оңой жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү иш чаралары каралган», — деди Катаганов.

Ал ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн 500 миң доллар бир айлануудан өткөнүн белгиледи.

«2020-жылы ишкер аялдарды жеңилдетилген каржылоо программасы ишке ашырылган. Быйыл ал долбоор кайрадан ишке кирди. Жана ушул программанын алкагында каражаттын негизги бөлүгү – 60%ы — аймактардагы ишкер аялдарды каржылоого багытталат», — деп жыйынтыктады ал.

Анын айтымында, 300 миң сомго чейинки кредиттер 6% менен берилет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери