«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн агымы 8%га өстү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.
2022-жылдын 9 ай ичинде «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 82 миң 528 жүргүнчүнү тейлегенге жетишти.
Ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы 10 миң 140 адамды түзсө, эл аралык каттамдарда 72 миң 388 жүргүнчү катталган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 8%га жогорулаган (2021-жылдын 9 айында 76 миң 394 адам тейленген). Айтылган аэропорттордо 9 ай ичинде 820 аба каттамы аткарылган: 151 ички, 669 эл аралык.
Эске салсак, «МЭА» ААКнын аэропорттору 2022-жылдын 9 айында 3.8 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлешти.