КР Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоонун алдын алуу боюнча тендер аркылуу 82 миң 727 дозада гриппке каршы «Гриппол+» вакцинасын сатып алды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Ошондой эле ЮНИСЕФ аркылуу GCFLU сасык тумоого каршы вакцинанын 45 миң дозасы гуманитардык линия аркылуу өлкөгө берилди.
Учурда республиканын бардык аймактарына вакциналар таратылып, өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарында эмдөө иштери башталды.
Вакцина бекер жана биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген адамдар эмделет, атап айтканда:
- медициналык кызматкерлер
- өнөкөт оорулары барлар
- көп ооруган балдар
- 65 жаштан жогоркулар
- кош бойлуулар.