«Мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка таянсак, алар уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кармалган.
«Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги «Булат-М» мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда «Карасай» чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган К. Асанбек жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Камчы Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган.
УКМК маалымдагандай, К. Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана КРнын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн.