Кыргызстандын Ички иштер министрлиги дээрлик бардык кызматкерлердин октябрь айындагы эмгек акысына үстөк акы төлөнүп жатканын билдирди. Айрым башка бөлүмдөрдө мыйзамда белгиленген төлөмдөр бир аз кечирээк берилет.
2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фонду 80%га чейин жогорулатылган.
ИИМдин буйругуна ылайык, ар бир айда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы менен кошо үстөк акы 20 миң сом төлөнүп турат.
Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызматын өтөшкөн милиция кызматкерлери менен ИИмдин аскер кызматчыларынын айлык акысына ар бир ай сайын 30 миң сомдон үстөк акы кошумча төлөнүп берилет. Бул үстөк акы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турат.
«Бүгүнкү күнү ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акы дагы төлөнүп берилди. Айрым бөлүктөр үстөк акыны кийинчерээк алышат. Азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматы күзөт кызматын көрсөткөндөрү үчүн келишимдерди кайрадан түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Бул иш-чаралар толук аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын милиция кызматкерлери 1-октябрдан тартып үстөк акы толук кайрадан төлөнүп берилет», — деп айтылат маалыматта.