Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.
Жыйында депутат Тазабек Икрамов сууну, жерди бийлик ратификация аркылуу документтештирип берип жатканын, Ташиев белгилегендей кийин сууну КР сатууну кааласа ал кантип жүзөгө ашырыла турганына кызыкты.
«Биз бүгүнкү күндө 4 485 гектар суунун астында жаткан жерди берүү менен Кыргызстанга 19 700 га жерди алып жатабыз. Биз жөн эле берип жаткан жокпуз, эң ызы-чуулуу, талаштуу жерлерди алып жатабыз. Провокаторлор кайра эле өзүбүздүн жерибизди алып жатабыз деп жатышат, жок, ратификациядан өтсө, Кыргызстандын картасы 15 500 га жерге көбөйөт. Ооба, суунун астындагы жерди берип жатабыз, аны баары бир пайдалана албайсың», — деди Ташиев.
Жыйында Тазабек Икрамов Кыргызстан Өзбекстанга сууну сатса болбойт беле же газга алмаштырса болбойт беле, себеби ӨР сууну алып, пахта эгип киреше таап жатканын айтты.
Анда Ташиев сууну КР кааласа да сата албай турганын айтты.
“Бул маселе бүгүнкү шарт. Кемпирабадга топтолгон сууну 70 жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келе жатат, азыр дагы пайдаланып жатат, мындан ары да пайдалана берет. Бул шарттар 1965-жылы түзүлгөн, биз ошол шарттарды жаңыртып, кайсы бир деңгээлде пайдасын алып калалы деп жасап жатабыз. Сууну сатабыз деп чыга турган болсок деле сата албайбыз.
Каалайсыңбы же каалабайсыңбы, Кемпирабад суу сактагычы бар, ал жерге биздин сууларыбыз топтолот жана ал Өзбекстанга кирип кетет. Сууну сатуу жөнүндө сөз болгон жок жана болушу мүмкүн эмес эле”, – деди УКМКнын жетекчиси.
Икрамов Кыргызстанда суу жетпей турган бир канча жерлер бар экенин, Кемпирабадды толтурбай өзүбүздүн жерибизди суу менен кемсыз кылсак болот эле деген оюн айтты.
“Өзбекстан азыр газын бекитип койду, Россияны ортомчу кылып анын газын алып жатабыз. Суунун акысын алсак болот беле?”, – деди депутат.
Ташиев башка дарыяларды тосуп суу сактагычтарды курса болорун, бул маселе Кемпирабадга тиешеси жок экенин билдирди.
Кошумча окуңуз: