Кытай 60%, Кыргызстан 40% үлүшкө ээ айыл чарба техникаларын чогулткан ишкана түзүлөт

Кытай 60%, Кыргызстан 40% үлүшкө ээ айыл чарба техникаларын чогулткан ишкана түзүлөт

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында КР Кытай менен биргеликте айыл чарба техникаларын чыгарган ишкана түзүү боюнча долбоордун финансылык маселеси каралды.

Жыйында баяндама жасаган Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева комитеттен республикалык бюджеттен кыргыз-кытай биргелешкен ишкананы уставдык капиталына салуу үчүн 2 млн доллар каражат бөлүп берүү боюнча макулдашууну колдоп берүүнү суранды.

«Бул долбоордун алкагында кытайлык компания менен айыл чарба техникасын чыгарган биргелешкен ишкана түзүү каралууда», — деди ал.

Комитеттин төрагасы бул керектүү долбоор экенин айтып, колдоп берүүнү суранды.

«Долбоордун 12 млн долларын Кытай тарап каржылап, өзүнүн жабдууларын алып келгени жатат, Кыргызстан имаратын 4 млн долларга баалап берген жана 2 млн доллар накталай акча менен берет. Ошентип Кыргызстан 40% үлүшкө отурат», — деди ал.

Ошондой эле Төлөнов Кыргызстан 5 жылда 40%га, андан кийин тескерсинче, Кытай 60%га, КР 40% үлүшкө ээ болорун кошумчалады.

«Бизге түшкөн үлүштөн Кыргызстан техниканы алып, аны кайрадан лизингге дыйкандарга берет», — деген комитеттин төрагасы ишканада негизги техникалар чогултуларын белгиледи.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери