КРнын калкынын реалдуу акчалай кирешеси 4.3%га көбөйдү — Улутстатком

КРнын калкынын реалдуу акчалай кирешеси 4.3%га көбөйдү — Улутстатком

Кыргызстандын калкынын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 4.3%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.

Бул 2022-жылдын I жарым жылдыгында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген жана ал 272.3 млрд сомду түзгөн.

Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында 307.2  млрд сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17.7%га көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында жалпы республика боюнча айына 7 408 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15.2%га көбөйгөн.

Ошол эле мезгилде Улутстаткомдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өткөн жылдын декабрь айында 7.9% болсо, быйыл октябрда 12.1%га жетти. Буга азык-түлүк товарларына (13.1%), азык-түлүк эмес товарларга (10%) керектөө бааларынын өсүшү жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө (8%) баалардын өсүшү таасирин тийгизген. Башкача айтканда, өлкөдө кымбаттаган баалар калктын кирешесинин көбүн «жеп» коюуда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери