Кадамжайдын тургундары бийликтен Чечме булагы боюнча туура чечим кабыл алууну суранышты

Кадамжайдын тургундары бийликтен Чечме булагы боюнча туура чечим кабыл алууну суранышты

Кечээ, 15-ноябрда Кадамжай районундагы Чечме айылынын тургундары кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагын Өзбекстанга берүүгө каршы болушканын айтып чогулушканын «Азаттык» кабарлады.

Маалыматка таянсак, алар Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жөнүндө эки тараптуу келишимде «Чечме булагы Өзбекстанга берилет» деген маалыматка нааразы болуп чыгышкан жана булакты берүүгө каршы пикирлерин айтышкан.

Акциянын катышуучусу, Чечме айылдык кеңешинин төрагасы Садык Саламовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Чечме булагы жайгашкан жер талаштуу тилкеде эмес:

«Бул биздин жер. Коңшу Өзбекстандын эли Чечменин суусунан каалашынча эле пайдаланып келишкен. Бир тыйын акы сураган эмеспиз. Жогорку Кеңештеги депутаттарыбыз өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштебесин, эртең элдин алдына келерин ойлосун. Биз аларды «жер сат же жер ал» деп шайлаган эмеспиз, «биздин мекендин бүтүндүгүн коргоп бер» деп шайлаганбыз. Биздин бул жерге, сууга, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан көрүстөндүн, бул жерде бир нече кылымдан бери иштеп келе жаткан тегирменге чейин мыйзамдаштырылып, мамлекеттик акт түзүлгөн», — деди Саламов.

Жергиликтүү элдин маалыматына караганда, аймакта 1.5 миңдей адам жашайт.

Ошондой эле маалыматта чогулгандар мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошкону, анда бийликтен өлкөнүн бүтүндүгү үчүн туура чечим кабыл алууну суранышканы айтылат.

Кадамжайдын Чечме айылы Кыргызстанда анклав болуп жайгашкан Өзбекстандын Сох району менен чектешет. Анклавда 80 миңдей киши жашайт.


Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңеште үч окууда кароого жөнөттү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери