Күз-кыш мезгилин өтүүгө Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет

Күз-кыш мезгилин өтүүгө Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет

Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу «Электр станциялар» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев тармактын комитеттин көчмө жыйынында билдирди.

Айдаралиев Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча учурдагы абалды туруктуу деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет, анын ичинен 400 миң тоннасы импорттук көмүр, 1 млн 100 миң тоннасы кыргыз көмүр, анын 1 млн 50 миңи Кара-Кече кенинен, 50 миңи Таш-Көмүр кенинен алып келинет.

«Бүгүнкү күндө ЖЭБге пландалган 353.1 миң тоннадан 275.3 миң тонна көмүр келип түштү. ЖЭБдин отканаларында күн сайын 7 миң 600 тоннага жакын көмүр жагылат», — деген Айдаралиев отказандык жабдууларды жана жылуулук тармактарын оңдоо иштери аяктагандыгын ырастады.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бул жылы Кара-Кече көмүрүнө артыкчылык берилерин жана ал жерден быйыл 1.5 млн тонна көмүр казуу пландалып жатканын билдирген болчу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат 30 января 2023 г.    18:24
Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот 30 января 2023 г.    17:44
Суу — бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл — Акылбек Жапаров 30 января 2023 г.    16:46
Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт 30 января 2023 г.    16:11
Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат 30 января 2023 г.    15:28
Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты — Нетфтетрейдерлер 30 января 2023 г.    14:57
Кыргызстандыктардын көбү «Синофарм» вакцинасын алышкан 30 января 2023 г.    13:30
1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек 30 января 2023 г.    12:07
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери