Кечээ 15-ноябрда Брюссель шаарында КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КР менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кызматташтык кеңешинин 19-жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Еврокомиссиянын, Европанын тышкы иш-аракет кызматынын жана Евробиримдикке Чехиянын төрагалыгынын өкүлдөрүнөн турган европалык делегацияны Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский жетектеди.
Жолугушуунун алкагында эки тараптуу, аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелердин кеңири тизмеси каралды.
Кыргызстан менен Евробиримдик 2021-2024-жылдарга 62 млн еврону түзгөн Көп жылдык индикативдик программанын алкагында Европа Биримдигинин каржылык колдоо пакетин ишке ашырууда жакшы динамиканы белгилешти. Кызматташтыктын үч артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча макулдашышты: санариптик трансформация, билим берүү, жашыл жана туруктуу экономика», — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун катышуучулары экономикалык, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук үчүн заманбап чакырыктарды жеңүү үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.Соода мамилелерин чыңдоо максатында, преференциялардын жалпыланган схемасын колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана колдонуу мөөнөтүн узартуу жолдору каралды.
Делегациялар ошондой эле КРда жана Европа Биримдигинде адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылуу практикасы, фейк жана кастык сөздөр менен күрөшүү боюнча пикир жана маалымат алмашышты. Жыйынтыгында тараптар саясий байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ачык диалогду жогорку деңгээлде улантууга макулдашышты.