Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аты өзгөртүлдү

Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аты өзгөртүлдү

Президент Садыр Жапаров «КРнын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын аттары өзгөртүлдү. 

Документтин максаты — айыл аймактарына жана айылдарга мурдагы жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон, учурда жашоочулар тарабынан колдонулуп келген, ошондой эле мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, аталыштарды кайтарып берүү болуп саналат. 

Мыйзамга ылайык, төмөнкү айыл аймактарынын жана айылдарынын аталыштары өзгөртүлдү:

  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы деп
  • Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы деп;
  • Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы деп
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы деп
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы деп
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы деп
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы деп
  • Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп
  • Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы, деп кайра аталды. 

Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери