КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Англияда сезондук жумуштарга баруунун талаптары тууралуу маалымат берди.
Ал коюлган талаптарга ылайык:
- Сиз Кыргыз Республикасынын жараны болушуңуз керек
- 8-48 жаш курагында болушуңуз керек (эркектер, аялдар, жубайлар)
- 2 жылдан кем эмес жарактуу эл аралык паспортуңуз бар болушу зарыл
- Жакшы физикалык формада болууга, чыдамкайлыкка, ар кандай аба ырайынын шарттарында талаада физикалык иштөөгө даяр болушуңуз керек
- Буга чейин Улуу Британиянын жана башка өлкөлөрдүн миграция мыйзамдарында, ошондой эле ЕБ өлкөлөрүнөн депортация учурлары менен көйгөйлөр болбошу керек
- Англис тилин билүү талап кылынбайт, бирок жумушка орношууда чоң артыкчылык болот
- Кыргыз Республикасында соттолбогон болушуңуз керек
- Ден соолук көйгөйлөрүнүн жоктугу: алкоголдук же баңгилик, вирустук оорулар ж.б.
- Айыл чарба тармагында иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Жеткиликтүү ишеним телефону:
- Онлайн форматта WhatsApp, Telegram
- телефон аркылуу: +996 220 230 064.