Бүгүн, 15-ноябрда ушул сааттарда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун долбоору каралууда.
Жыйында Чынгыз Айдарбеков берилген документтерди кылдат карап көргөнүн, бирок Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча тарыхый кагаздарда «алмаштыруу» деген сөз болуп-болбогонун сурады. Анын айтымында, «компенсация» деген сөз болуп, бирок өзбек тарап аны аткарган эмес.
Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев документте «алмаштыруу» деген сөздүн жок экенин айтты.
«Тарыхый кагаздарга карасак, 1962-жылдан Усубалиевдин мөөнөтүнөн баштап, коюлган талаптарыбызга жараша пахтаны өстүрүшүбүз керек деп Өзбек ССР КПСС кайрылган, кыргыз тарап ушунун негизинде «туура экономиканы өркүндөтүшүбүз керек, суу сактагычты биздин жерибизде куруш керек» деп жооп берип жатат, туурабы? Компенсация деп эң жемиштүү жерлерибиздин ордуна, башка жерлерди берип жатышат. Компенсациянын ордун толтурбай, бизге 4 миң гектар эле беришти. Алар каналдарды курбагандыктан, 100 миң гектар жер жөн эле туруп калды», — деди Айдарбеков.
Депуттатын айтымында, өзбек бийлиги эч кандай келишимди аткарган эмес, суу сактагычтын алдындагы жер КРга тиешелүү.
Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов Кыргызстан менен түзүлгөн келишим боюнча өзбек тарап милдеттендирилген каналдарды курбагандыгы үчүн жерлерди берип жатканын айткан эле.
«Берилип жаткан жердин 1 миң 19 гектары Анжиян суу сактагычына бөлүнгөн жердин компенсациясынын калган бөлүгүнө берилүүдө. Башкача айтканда, суу сактагычтын аймагы иш жүзүндө 5 миң гектарды түзөт. Союз убагында Өзбекстан 4 миң гектар гана жер берген. Башкача айтканда, карызыбыз бар болчу. Бул карызды жоюу үчүн берилет.
Совет мезгилиндеги келишимде биз (өзбек тарап) дагы бир милдеттенме алганбыз. Өзбекстандын аймагынан канал куруп, Боткен районуна суу жеткиришибиз керек болчу. Бирок бул аткарылган эмес. Кыргыздар дайыма ушуну айтып келишкен, алар чек ара боюнча келишим болушу үчүн биринчи кезекте ушул милдетти аткарууну сурашкан.
Кыргыздардын дооматы боюнча алардын 8 миңден 18 миң гектарга чейинки жери канал аркылуу суу жетпегендиктен айдоо аянты катары иштетилбей калган», — деген болчу Арипов.