Кемпир-Абад боюнча макулдашуу Жогорку Кеңештин комитетинде бүгүн каралышы мүмкүн

Кемпир-Абад боюнча макулдашуу Жогорку Кеңештин комитетинде бүгүн каралышы мүмкүн

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү боюнча макулдашууну карашы мүмкүн.

Бирок ошол эле учурда документ расмий күн тартибине кирген эмес жана ЖКнын сайтында да маалымат берилген жок.

Белгилей кетсек, кечээ тиешелүү комитеттердин айрым жыйындары түз эфирге алынып, көрсөтүлгөн эмес.

Ошол эле учурда Өзбекстандын парламенти 14-ноябрда буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча мыйзам долбоорун ратификациялаган. Аны бир эле учурда үч окууда 100дөн ашык депутат колдоп берген.

Парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов чек ара кылдаттык менен ченелип, өкмөттөр аралык жолугушуулар өтүп, архивдик документтер каралып жатканын айтты.

«Биз бул келишимге беш жылдан ашык убакыт жумшадык. Келишим биз үчүн оңой болгон жок. Кол коюлган документ биздин республика үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар көйгөйлөрдү чечет», — деди Өзбекстандын премьер-министри.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери