Инвестици боюнча агенттик «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсын керамогранит плиткаларын чыгаруу боюнча экинчи этаптын алкагында инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизди. Бул тууралуу агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы керамикалык плиткаларды чыгарууну жана өндүрүүнү камтыйт. Экинчи линияны ишке киргизүү жогорку сапаттагы фарфор плиткаларын чыгарууну камсыз кылат. «Тянь-Шань Керамиктин» жумушчуларынын саны 400 кызматкерге чейин көбөйөт.
Заводдун курулушуна жеке инвесторлор тарабынан 50 млн доллар бөлүнгөн.»Тянь-Шань керамик» КРдагы керамикалык плитканы чыгарган жалгыз завод болуп саналат. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишкана өлкө бюджетине 85 млн сомдон ашык, 2021-жылы 96 млн сомдон ашык каражат которгон.
Тянь-Шань керамикалык буюмдар Россияга, Казакстанга экспорттолуп, Кыргызстандын ички рыногуна да сатылат.
Маалымат:
Инвестициялык долбоорлордун реестри «Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө» Бажы биримдигинин комиссиясынын чечими менен белгиленген тарифтик жеңилдиктерди берүүнү камтыйт.