Түштүк Кореялык ишкерлер Нарын облусунда кичи ГЭС куруу мүмкүнчүлүгүн карашат

Түштүк Кореялык ишкерлер Нарын облусунда кичи ГЭС куруу мүмкүнчүлүгүн карашат

Түштүк Кореялык ишкерлер Нарын облусунда 5 мегаватт кубаттуулуктагы кичи ГЭС куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун Түштүк Кореяга болгон иш сапарында айтылды.

Берилген маалыматка таянсак, иш сапардын алкагында Нарын облусу менен Түштүк Кореянын Канвон-до Индже районунун ортосунда достук мамиле түзүлүп, өз ара кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба долбоорлорун алдыга жылдыруу боюнча меморандумга кол коюлган.

«Учурда ГЭСти курууга ылайыктуу жерди тандоо жана даярдоо иштери башталды. Мындан тышкары, сулуну кайра иштетүүчү ишканаларды куруу жана жашылча өстүрүүчү күнөсканаларды куруу маселелери талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Эргешовдун Түштүк Кореяга болгон иш сапарынын алкагында ар кыл тармактагы адистер ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча макулдашуулар түзүлүп, ноябрь айынын аягына чейин Нарын облусуна Түштүк Кореядан адистердин келиши күтүлүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат 30 января 2023 г.    18:24
Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот 30 января 2023 г.    17:44
Суу — бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл — Акылбек Жапаров 30 января 2023 г.    16:46
Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт 30 января 2023 г.    16:11
Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат 30 января 2023 г.    15:28
Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты — Нетфтетрейдерлер 30 января 2023 г.    14:57
Кыргызстандыктардын көбү «Синофарм» вакцинасын алышкан 30 января 2023 г.    13:30
1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек 30 января 2023 г.    12:07
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери