2022-жылдын 30-сентябрына карата КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 5 млрд 218 млн долларын (418 млрд 384 млн сом) түздү.
Финансы министрлиги берген маалыматка таянсак, карыздар томөндөгүдөй:
- 79.8% мамлекеттик тышкы карыз — 4 млрд 162 млн доллар (333 млрд 769 млн сом)
- 20.2% мамлекеттик ички карыз — 1 млрд 28 млн доллар (84 млрд 615 млн сом).
2022-жылдын январь-октябрь айларында КРнын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы + ички) республикалык бюджеттен иш жүзүндө 28 млрд 854 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.
Алар:
- мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 19 млр 511 млн сом
- мамлекеттик ички карыз боюнча — 9 млрд 343 млн.
Улутсаткомдун берген маалыматын карасак, Кыргызстандын тышкы карызы беш жыл катары менен көбөйүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 5 млрд 150 млн долларды (436 млрд 587 млн сом) түзгөн.