2022-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 97.3 млрд сомду түздү, тагыраак айтканда, жыл ичинде 1%га гана өскөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Инвестициянын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун тышкы булактарын 7.7%га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынган. Ал эми ички булактардын көлөмү, тескерисинче, 0.7%га азайган.
Инвестициялардын 81%дан ашыгы тоо-кен казып алуу өнөр жайынын объектилерин курууга, өндүрүшкө, электр энергиясы, газ, буу жана абаны кондициялоо менен камсыздоо, транспорттук ишмердүүлүк жана товарларды сактоо, маалымат жана байланыш, ошондой эле турак жай курулушуна келген.