Финансы министрлиги бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылгандыгына байланыштуу жыл сайын канча кошумча каражат керектигин билдирди.
2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча төмөнкү милдеттер коюлган:
- 1-апрелден баштап социалдык чөйрөсүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жана эмгек акынын түзүүнүн бирдиктүү моделин белгилөө максатында, ишке ашырылуучу чаралар эмгек акыны орточо 50 %дан 100%га чейин жогорулатуу менен, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары менен эмгек акынын орточо деңгээлин теӊөөгө багытталган. 9 айга кошумча керектөөчү каражат 26 млрд сом түзүп, ал эми бир жылга 34.2 млрд.сом талап кылынат.
- 1 августтан тартып мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерге, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелерин тейлөөчү техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга, күч блогунун бош жалданган жана жарандык персоналына эмгек акысын жогорулап, кошумча керектөөчү каражат бир жылга 16.8 млрд сом талап кылынат.
Ошондой эле 2022-жылдын 1-октябрынан тартып КРнын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80%га чейин жогорулатуу каралган.