Энергетика тармагына жана 2022-жылдын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө 15.6 млрд сом суммасында каражат каралып, анын ичинен бюджеттик каражаттан 11 млрд сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен:
- «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоо үчүн «Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» беренеси боюнча 1.4 млрд сом каралган. Бүгүнкү күндө ал сумма толугу менен бөлүнгөн. Ошону менен бирге «Кыргызтеплоэнерго» ААК жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн 165 млн сом суммасында кошумча каражат бөлүү маселеси каралууда.
- Бийик тоолуу, алыскы аймактарда жашаган калкка электр энергиясына төлөө үчүн 50%дык жеңилдикти компенсациялоого 150 млн сом каралып, анын ичинен 148.7 млн сом бөлүнгөн.
Коммуналдык кызматтарга байланыштуу республикалык бюджеттен каржыланган чыгашаларга 2022-жылдын 31-ноябрына карата 3 млрд сом каралган, анын ичинен 1.7 млрд сому электр/жылуулук ресурстарына бөлүнгөн. Анын ичинен:
- электр энергиясы үчүн төлөөгө — 1.4 млрд сом
- жылуулук энергиясына төлөөгө — 265.4 млн сом
- жаратылыш газын төлөөгө — 23.5 млн сом
- республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 271 млн сом каралып, анын 237.3 млн сому бөлүнгөн.
Электр энергиясын импорттоого, отун сатып алууга, Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, Бала-Саруу ГЭСин курууга 11.1 млрд сом бюджеттик кредит карларган. Бүгүнкү күндө анын 7.5 млрд сому бөлүнгөн.