Баткенде миллиондор айланууда — УКМК 2.7 млн долларды мамлекетке кайтарды

Баткенде миллиондор айланууда — УКМК 2.7 млн долларды мамлекетке кайтарды

УКМК тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп
жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, Баткенде экономикалык аткезчилик менен алектенгендер кармалган.

5-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында Т.А.М. аттуу КРнын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны тинтүү учурунда КР аймагына коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алынып келинген 6 брикет желим баштыктарга скотч менен оролгон 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча
башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 16-октябрында кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында экономикалык аткезчилик менен алектенген адамдар аныкталып, Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан КРнын жарандары К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. кылмышты жасагандыгы
үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 миң сомдон айып салынган жана 2 млн 750 миң доллар (227 млн 186 миң 850 сом)
мамлекетке чегерилген.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Мальдив аралдары менен Араб Эмираттары — дагы кайсы өлкөлөр кыргызстандыктар үчүн виза режимин жокко чыгарат? 2 февраля 2023 г.    17:49
Мамлекет өзүнө тиешелүү болгон «Каприз» пансионатындагы 28% акциясын сатат — 1 тыйын дивиденд алган эмес 2 февраля 2023 г.    16:49
ММБФ мамлекетке таандык «Керемет банктын» 7% акциясын Улуттук банкка сатууну пландап жатат 2 февраля 2023 г.    16:26
Соцфонд каражаттарын баалуу металлдарга, кагаздарга инвестициялоону көздөөдө 2 февраля 2023 г.    16:04
Ага Хан фонду KICB банкынын дагы 6% акциясына ээ болду 2 февраля 2023 г.    14:03
Тоскоолдуктарга карабастан быйыл республикалык бюджет 503 млрд сомго толот — минкаб 2 февраля 2023 г.    13:43
Баткенге ыктыярдуу чогулган акчадан 188 млн сом калды 2 февраля 2023 г.    12:02
Салык кызматы январь айында 17.8 млрд сом салык чогултту 2 февраля 2023 г.    11:45
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери