Бүгүн Чүй облусунун беш миңден ашуун карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Чүй облусунун беш миңден ашуун карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 5 миң 200дөн ашык абоненттерин дебитордук карыздары үчүн электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу «Чүй электр тармактар ишканасы» билдирди.

Ыңгайсыздыктар жаралбаш үчүн «Чүй электр тармактар ​​ишканасы» абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Белгилей кетсек, аталган ишкананын сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү бар, анын жардамы менен бардык абоненттер, анын ичинде турак-жай жана өнөр жай абоненттери каалаган учурда жеке эсебин текшерип, карызын көрө алат.

Кошумчалай кетсек, абоненттер балансын күнү-түнү иштеген Call-борборго — 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 телефондоруна чалып же 0556 001209 WhatsApp номерине билдирүү жөнөтүп билсе болот.

Белгилей кетсек, абоненттер электр энергиясы үчүн карыздарды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTS (Kassa-24), Megacom, «O!», «Оңой» төлөм терминалдары аркылуу төлөй алышат. Ошондой эле «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом», төлөм капчыктары аркылуу төлөсө болот жана «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк» кассаларында, «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» », «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк», ошондой эле «Кыргызпочтасы» МИ электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу убакыт режиминде кабыл алышат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери