Эко-активист жана фотожурналист Влад Ушаков Бишкектеги транспорт көйгөйлөрүн айтып, бийликке жок дегенде бир жолу коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштады. Мындай сунушун ал Economist.kg уюштурган «Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы?» деген тегерек столдо айтты.
Анын пикиринде, ар кандай маселени чечүү үчүн саясий эрк керек. Бирок, биздин мамлекеттик кызматкерлер акча кылууну гана ойлошот.
«Жыйынтыгында, жок дегенде бак-дарактарды, гүлдөрдү отургузууга да акчабыз жок экен. Эми эстей турган болсок, ЕРӨБ бизге таштанды жайынын көйгөйүн чечүү үчүн 22 млн евро бөлгөн. Дегеле азыр абанын булганышы маселесин кандайдыр бир жол менен чечүүнүн бирден-бир жолу – борбор калаадагы күйүп жаткан таштандыларды өчүрүү. Бирок он жыл мурун кандай күйсө, дагы эле ошондой күйүп жатат», — деди Ушаков.
Ал ошондой эле бир нерсени өзгөрткүң келсе, өзүңдөн баштоо керектигин, ошондуктан ал өзүнүн жеке унаасын колдонуудан баш тартканын белгиледи.
«Бийликтегилер бир жолу коомдук транспортто жүрүп көрүшсүнчү. Көрүшсүн, маршруткалар кандай жык-жыйма болгонун, элдер кандай эзилип жүрүшкөнүн, аялдар менен балдар аба жетпей муунуп баратканын көрүшсүнчү. Мен мунун баарын күн сайын көрөм», — деди фотожурналист.
Жыйынтыгында, ал сырттан эбегейсиз чоң суммадагы акчалар берилип жатканын, бирок схемаларды куруп, карапайым элге жардам бербестен, акча тапкысы келген бийликке нааразы болду.
«Азыр экологиябыздын начардыгынан улам көптөгөн жаш балдар ар кандай ооруларга чалдыгышууда. Көрдүңүзбү, статистика боюнча төрөлгөн он баланын алтоосунун тубаса патологиясы бар. Ар бир алтынчы бала астма, бронхиалдык оорулар, аллергия менен төрөлөт. Мурда булар карылардын оорусу деп эсептелчү. Ар кандай экоцид геноцид менен коштолот», — деди Ушаков.