3-ноябрга карата Тажикстандын аскердик чабуулунан жапа чеккен 433 насыя алуучу финансы-кредиттик уюмдарга кайрылган. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Регулятордун маалыматы боюнча, 19 млн сомдук 274 насыя кечилип, 27.4 млн сомдук 122 кредит реструктуризацияланган.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылыштан жабыркаган финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү максатында 6-октябрда кабыл алынган токтомдун аткарылышын Улуттук банк көзөмөлдөп келет.
Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.