Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) резиденти «Долон» компаниясы жарым млн доллар инвестиция алды. Тагыраак айтканда, MOST Ventures венчурдук фонду, UMAY бизнес клубу жана бир катар казакстандык инвесторлор кыргызстандык «Долон» стартапына 500 миң доллар инвестиция салышат. Бул тууралуу MOST Ventures билдиргенин ЖТП кабарлады.
Аталган стартап тоо-кен тармагынын көйгөйлөрүн чечет жана алынган продуктуга геологиялык анализ жүргүзүү убактысын оптималдаштырууга, геологиялык сценарийлердин тактыгын жана санын көбөйтүүгө, кошумча геологиялык чалгындоо иш-чаралары боюнча сунуштарды берүүгө, ошондой эле алгачкы этаптарда тобокелдиктерди баалоого мүмкүндүк берет.
Фонддун менеджери Алим Хамитовдун айтымында, стартап мыкты өсүү темпин көрсөткөн.
«Биз кыргызстандык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырган акселерация программасынын аркасында «Долон» биздин портфелдик долбоор болуп калды. Ошондо да бул стартап B2B сегментинде жогорку сатуу түрүндө мыкты трекшнге ээ болду.
Биздин оюбузча, учурда рынокто тоо-кен өнөр жайы тармагы үчүн жакшы сунуштар жок. Ал эми таланттуу инженерлер жана иштеп чыгуучулардан турган кичинекей команда миллиондогон долларды үнөмдөөчү чечимдерди сунуштай алат жана ошондой эле тармактын өнүгүшүнө салым кошо алат деп эсептейбиз.
«Долон» – бул стартап, ал тездик менен өнүгүп, башка рынокторго чыга алат жана эң негизгиси күчтүү командасы бар, мунун өзү эле күчтүү артыкчылык берип турат. Биз бүткүл дүйнө үчүн уникалдуу чечими бар мындай келечектүү технологиялык бизнестин биринчи инвесторлору болгонубузга кубанычтабыз», — деди Алим Хамитов.
- «Долон» — жер казынасынын кендерин пайдалануучу компаниялар үчүн маалымат агымын автоматташтыруу жаатында инновациялык чечимдерди сунуш кылган кыргызстандык компания болуп саналат.