Бишкектеги түтүн көйгөйү күйүп жаткан таштанды таштоочу жайдан эле эмес, шаардагы эски унаалардан улам да пайда болууда. Бул тууралуу Economist.kg сайты уюштурган «Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы» деп аталган тегерек столдо экоактивист, фотожурналист Влад Ушаков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы унаалардын көбү башка өлкөлөрдөн келген утилизацияланган товарлар.
«Бизде «жаңы унаалар» деген түшүнүк бар, бирок алардын да катализаторлору жок. Бензиндин сапатын эч ким текшербейт, сапатсыз эле бензин куюп жатабыз», — дейт активист.
Ушаков түтүн маселеси суукта эле башталбай турганын, ал Бишкектин үстүндө жыл бою эле турарын, бул нерсени Алматыдагы изилдөө тастыктап, анда окумуштуулар жылуулук агымы жок болгон учурда шаардын үстүндө түтүн пайда болот деген тыянакка келишкенин кошумчалап өттү.