Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин таңсыктыгы 35 млрд сомго жетиши мүмкүн, бул өлкө тарыхындагы эң чоң бюджеттик таңкыстык болуп калат. Мындай маалыматты 4-ноябрда Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин мүчөлөрү билдиргенин «Азаттык» кабарлады.
Жарыяланган маалыматтарга ылайык, 2022-жылга республикалык бюджеттин кирешеси 282.1 млрд сом өлчөмүндө эсептелген. Чыгымдар 291.2 млрд сом деңгээлинде болгон. Бюджеттин тартыштыгы 9.1 млрд сомду түзүшү керек болчу.
Бирок быйыл Бажы кызматы 98 млрд сом чогултуу планын аткара албай, 10 айда 59.1 млрд сом гана жыйнаган. Божомолдорго ылайык, быйылкы жылга чогулган каражаттардын жалпы көлөмү 20 млрд сом же пландалгандан 20% аз болот.
Министрлер кабинети Баткен облусун калыбына келтирүү иштерине кошумча чыгымдардан улам, 2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 35 млрд сомго жетиши мүмкүн экенин, бул Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң бюджет тартыштыгы болорун моюнга алды.
«Бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, быйылкы жылы дефицит 35 млрд сомду түзөт. Бирок иш жүзүндө азыраак болот. Баткен облусундагы соңку окуяларга байланыштуу бир топ чыгашалар жаралды”, — деп түшүндүрдү Финансы министри Алмаз Бакетаев.