«Жашыл Энергетика» коомдук фондунун төрайымы, «Кыргызстандын Жашыл Альянсы» башкармалыгынын мүчөсү Анара Султангазиева Economist.kg уюштурган «Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы» деген тегерек столдо бийликке нааразычылыгын айтты.
Ал белгилегендей, Кыргызстан абанын кирдиги боюнча рейтингде биринчи орунду ээлегенден бери бийлик жыл сайын экологиялык таза автобустарды сатып алып, «Газпром» менен макулдашып жатканын айтып келет.
«Жомок уккандан тажадык, бийлик канча жолу убада берди? Кана автобустар? Бир дагы өнүккөн мамлекетте кичи автобус (маршрутка) жок, биз алардан качан кутулабыз? Биз өкмөт, мэрия, экологдор менен биргеликте 40 пункттан турган иш-чаралардын планын түздүк. Бардыгы кетип, жаңылары келип, жыйынтыгында, бир гана пункт аткарылды. Калганы баары кагаз жүзүндө калды», — деп ачууланды Султангазиева.
Ал ошондой эле негизинен шаарды булгаган, булгануу деңгээлин 70-80%га жеткирген автоунаалар экенин баса белгиледи.
«Биз ЕАЭБдин ичинде азыркыга чейин сапатсыз К2, К3 бензиндерин колдонуп жана өндүрүп келе жаткан жападан жалгыз өлкөбүз. Европада «Евро-7» бензини колдонулат. Биз эски машиналардын таштанды жайына айландык. Түтүн жайында деле турат, ал болгону жарык болуп көрүнбөй калат. Ал эми кышында жылытуу мезгилинде жөн эле коюуланып, түстүү болуп калат», — деди «Жашыл Энергетика» коомдук фондунун төрайымы.