Ош шаарынын мэриясы таза суу берүү токтотуларын эскертти.
«Жаан-чачынга байланыштуу таза суу берүү токтотулат. Суу камдап алууңуздарды өтүнөбүз», — дейт мэрия.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат.
Эскерте кетсек, 19-майда Ош шаарынын активисттери ар жааган жамгырдан улам токтоп калган таза суунун жоктугуна нааразы болуп, акцияга чыгышкан.
Эскерте кетсек, ушул жылдын август айында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Ош шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу” программасынын алкагында Ош шаарынын суу алуучу курулмасын жана суу тосмосуна суу түтүгүн курууга тендер жарыяланганын билдирген болчу. Бирок биринчи өткөрүлгөн тендер жараксыз деп табылып, таза суу көйгөйү ордунан жылбай турат.
Бул долбоорго Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан 3 млн доллар каралган. Бирок экинчи тендер качан жыйынтыкталат, жыйынтыкталса, качан башталат, башталса долбоор качан аягына чыгат, аягына чыкса, Ош эли качан таза суу менен камсыз болот, азырынча мэрия так маалымат бере элек.