Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Аталган чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.
Мындан улам төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- КРдан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле КРнын министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тиркемеге ылайык белгиленсин.
- 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошо алганда КРнын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге буудай унун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) ташып чыгууга 100 миң тонна көлөмүндө сандык чектөө белгиленсин.
- КРнын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык, тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
Белгилесек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.