Бүгүн Кыргызстанга Түркиянын Ички иштер министри келди

Бүгүн Кыргызстанга Түркиянын Ички иштер министри келди

Бүгүн, 8-ноябрда Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Келген меймандарды «Манас» аэропортунда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков жылуу тосуп алышты.

Министрликтин маалыматына таянсак, кечке чейин тараптардын бир катар жолугушуулары белгиленип, Түркиядан келген делегация КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуусу өтмөкчү. Тараптардын расмий жолугушуусу ар кыл багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында өтөт.

Маалыматка ылайык, буга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен түзүлгөн кызматташуунун алкагында ӨКМдин адистерин тоодо куткаруунун кышкы жана жайкы окуу курстарына, издөө-куткаруу иштерине окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Депутаттар чиновниктерге мамлекеттик ишканаларды башкарууга уруксат бербей коюшту 31 января 2023 г.    9:53
2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат 30 января 2023 г.    18:24
Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот 30 января 2023 г.    17:44
Суу — бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл — Акылбек Жапаров 30 января 2023 г.    16:46
Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт 30 января 2023 г.    16:11
Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат 30 января 2023 г.    15:28
Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты — Нетфтетрейдерлер 30 января 2023 г.    14:57
Кыргызстандыктардын көбү «Синофарм» вакцинасын алышкан 30 января 2023 г.    13:30
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери