Кыргызстан Россияга 10 млн сомдук куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттоду. Бул тууралуу Factcheck.kg редакциясы КР менен РФнын быйылкы 8 айдын ичиндеги экспорттук-импорттук соода операцияларын талдоосунун жыйынтыгында билдирди.
Улутстаткомдун маалыматы боюнча, быйыл январь-августта Кыргызстан “куралга орнотуу үчүн телескоп мүнөздөгү мээлөө дүрбүлөрү; перископтор; машиналардын, аспаптардын, шаймандардын же аппараттардын бөлүктөрү катары даярдалган көрүү трубалары” деген аталыштагы товарлардын тобун 67 млн сомго (1575 даана) импорттогон.
Мээлөө дүрбүлөрү, перископтор жана топтун башка товарлары республикага негизинен Кытайдан 18 млн сомдон ашык суммага 956 даана, Япониядан – 21 млн сомго 122 даана, АКШдан – 9.3 млн сомго 177 аспап алынып келинген.
Бирок алынып келинген товардын баардыгы Кыргызстандын аймагында калган эмес. 300 миң сомго бир аспап АКШга экспорттолгон. Дагы 10 млн сомго 285 даана Россияга жиберилген.
Аталган порталдын журналисттери 2021-жылга салыштырмалуу бул топтогу товарлардын импорту үч эсе өскөнүн, өткөн жылы Кыргызстанга ушундай товарлардан 30 млн сомго 514 даана алынып келингенин айтышат.
Ал эми экспорт 2021-жылга салыштырмалуу 7 эсе өскөн – былтыр 1.3 млн сомго 41 аспап экспорттолгон (бир гана Россияга).
2020-жылы бул топтогу товарлардын 599у Кыргызстанга алынып келинген, ал эми экспорт нөлгө барабар болчу.
Тыянак: Куралга коюлуучу телескоп мүнөздөгү мээлөө дүрбүлөрүнүн Россияга экспорту 7 эсе өсүп, алардын суммасы 10 млн сомду түзгөн.